№11 Мектеп №11 Жалпы билим берүүчү орто мектеби

Новости

Свердлов районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата «Жаш куткаруучу» сынагы өткөрүлдү. Биздин мектептин 11 А классынын окуучулары катышышып I-орунду багындырышты. 3 номинация боюнча 1-орунду, 1 номинация боюнча 2-орунду ээлешти. Бул мелдештин алкагында балдар куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар өрт болгон учурда имаратты эвакуациялоо, ар кандай кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын физикалык жана интеллектуалдык даярдыгын өнүктүрүүчү ар кандай машыгуу тапшырмаларын аткаруу сыяктуу сынактар боюнча жарышышты. Сынакка катышуу коопсуздуктун маанилүүлүгү жөнүндө коомдук аң-сезимди көтөрүүгө жана жаш куткаруучуларды коопсуз жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүгө жардам берди. Биз окуучуларды куттуктайбыз жана айланадагыларга куткаруу жана жардам берүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү улантууга чакырабыз! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
26.09.2023 40
2023-жылдын 14-сентябрында мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулуштун темасы: 2023-2024-окуу жылында окуу- тарбия иштерин уюштуруу. Чогулушта жаңы окуу жылына койулган максаттар айтылды. Балдардын өмүрүн коргоо жана ден соолугун чыңдоо, балдарды тарбиялоо үчүн ата-эненин жоопкерчилиги, «Толеранттуулук – адамдын адеп-ахлак маданиятынын бир бөлүгү»жана ошондой эле «Мектепке биринчи жана бешинчи класска ылайыкташуу(көнүү). Үй-бүлө жана мектеп шартында баланын психологиялык саламаттыгы» темаларында маектешүүлөр болду. Мектеп окуучуларынын ортосундагы мамилелерди калыптандыруу боюнча үй-бүлөнүн жана мектептин иши (мектептеги мушташтар, буллинг, алардын себептери жана кесепеттери, зыяндуу адаттардын алдын алуу) жана жол кырсыгынан жаракат алуунун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча маселелер да каралды.
20.09.2023 44
1 / 1712345...10...»