№11 Мектеп
№11 Жалпы орто билим берүүчү мектеби
Меню
Мектеп
Биз жөнүндө
Кызматкерлер
Окуу-тарбиялык иштер
Тарбиялык иштер
Сыймыктанабыз
Мамлекеттик тил
Методикалык кызматы СОШ11
Окуу процесси
Маалыматтык — китепкана кызматы
Социалдык-психологиялык кызмат
Жаңылыктар
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация
Экзаменге даярдануу үчүн психологдун сунуштары
Сынактын жүгүртмөсү 9
9-классынын окуучуларынын жыйынтыктоочу аттестациясынын жыйынтыгы
Сынактын жүгүртмөсү 11
11-классынын окуучуларынын жыйынтыктоочу аттестациясынын жыйынтыгы
Аралыктан окутуу
1 класстар
2 класстар
3 класстар
4 класстар
5 класстар
6 класстар
7 класстар
8 класстар
9 класстар
10 класстар
11 класстар
Окуучуларга
Мектептин ШСУ
Расписание
Ийримдер жана секциялар
Пайдалуу маалыматтар
Ата-энелерге
Ата-энелер үчүн маалымат
Ички тартиби
Мектепке кабыл алуу жөнүндө
Мектептин формасы
Коомдук угуулар
Коомдук бирикме / фонддор
Камкорчулук кеңеш
Ченемдик документтер
Галерея
Байланышуу
Новости
2023-жылдын 26-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү Департаменти Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын базасында Евразиялык Кызматташтык Уюмунун “Евразиялык билим берүү көргөзмөсүн” өткөрдү. Бул көргөзмөгө 11-В классынын окуучулары график боюнча катышып келишти.
26.09.2023
107
2023- жылдын 22-сентябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган А. Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары менен биргелешкен кесипке багыттоо иштеринин алкагында Билим берүү программаларынын-презентациясынын көргөзмөсүнө 11 Б классынын окуучулары катышып келишти.
26.09.2023
115
Свердлов районунда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата «Жаш куткаруучу» сынагы өткөрүлдү. Биздин мектептин 11 А классынын окуучулары катышышып I-орунду багындырышты. 3 номинация боюнча 1-орунду, 1 номинация боюнча 2-орунду ээлешти. Бул мелдештин алкагында балдар куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү жөндөмдөрүн көрсөтүштү. Катышуучулар өрт болгон учурда имаратты эвакуациялоо, ар кандай кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын физикалык жана интеллектуалдык даярдыгын өнүктүрүүчү ар кандай машыгуу тапшырмаларын аткаруу сыяктуу сынактар боюнча жарышышты. Сынакка катышуу коопсуздуктун маанилүүлүгү жөнүндө коомдук аң-сезимди көтөрүүгө жана жаш куткаруучуларды коопсуз жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүгө жардам берди. Биз окуучуларды куттуктайбыз жана айланадагыларга куткаруу жана жардам берүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү улантууга чакырабыз! Биз силер менен сыймыктанабыз!!!
26.09.2023
121
2023-жылдын 22-сентябрында Мектеп парламентинин Президентин шайлоо болуп өттү. Жогорку класстын окуучуларынын 6 талапкери шайлоо алдындагы программаларын сунушташты. Апта ичинде алар шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, мектеп парламентин өнүктүрүү боюнча көз караштарын билдирип, көптөгөн суроолорго жооп беришти. Шайлоо күнү ар бир окуучу жана мугалим талапкерлердин бирине добуш беришти. Добуштарды санап, шайлоо комиссиясы жеңүүчүнүн атын жарыялады. 2023-2024- окуу жылында Мектеп парламентинин президенти болуп 11 Б классынын окуучусу Айыпов Али шайланды. Куттуктайбыз!
26.09.2023
126
В рамках сотрудничества с нашей школой, 14 сентября 2023 года, представитель особой экономической зоны Алабуга провёл тестирование среди учащихся 9-х классов по основам предпринимательства и финансовой грамотности.
20.09.2023
98
2023-жылдын 15-сентябрында 8-класстарынын окуучулары үчүн жаш өспүрүмдөр арасында укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча лекция болду. Лекцияны Бишкек шаарынын Свердлов РИИБ нын 6 ШМБ нын башчысы Кандыбаев С.С окуду.
20.09.2023
88
10-11-класстарынын окуучулары үчүн география илимдеринин доктору, профессор Низамиев Абдурашид Гумарович дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири туризм боюнча лекция окуду.
20.09.2023
92
2023-жылдын 14-сентябрында мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулуштун темасы: 2023-2024-окуу жылында окуу- тарбия иштерин уюштуруу. Чогулушта жаңы окуу жылына койулган максаттар айтылды. Балдардын өмүрүн коргоо жана ден соолугун чыңдоо, балдарды тарбиялоо үчүн ата-эненин жоопкерчилиги, «Толеранттуулук – адамдын адеп-ахлак маданиятынын бир бөлүгү»жана ошондой эле «Мектепке биринчи жана бешинчи класска ылайыкташуу(көнүү). Үй-бүлө жана мектеп шартында баланын психологиялык саламаттыгы» темаларында маектешүүлөр болду. Мектеп окуучуларынын ортосундагы мамилелерди калыптандыруу боюнча үй-бүлөнүн жана мектептин иши (мектептеги мушташтар, буллинг, алардын себептери жана кесепеттери, зыяндуу адаттардын алдын алуу) жана жол кырсыгынан жаракат алуунун алдын алуу жана жол эрежелерин сактоо боюнча маселелер да каралды.
20.09.2023
94
16-сентябрь мектептин жамааты жалпы республикалык ишембилике чыгышты. Ишембиликте мектептин аянты тазаланды. Мектептин окуучуларын, жамаатын жана жашоочуларды тазалыкты сактоого чакырабыз!
20.09.2023
77
Эгемендуулук кунуно арналган «Дени сак адамдар-дени сак олкодо» аталышында мугалимдер арасында кросс отулду. Женуучулор диплом жана белектер менен сыйланды.
03.09.2023
82
9 А классынын окуучусу Асанкулова Эркежан улуттук оюндардын бири-“Тогуз коргоол”боюнча Эл аралык мелдеште Монгол Республикасында өткөн Азия чемпионатында 3 орунга ээ болуп,Кыргыз элинин намысын коргоп,байгелүү кайтты.Эркежандын жайкы эс алуусу ийгиликтер менен коштолду.
29.08.2023
82
2023-жылдын 24,25- августунда мугалимдер үчүн август конференциясы өтүүдө. Тема:”Санариптештирүү шартында 21 кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү”. Ар бир сабактар үчүн циклограмма берилди.
25.08.2023
88
1 / 17
1
2
3
4
5
...
10
...
›
»